Редакцияот 10.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги 52-cессиясы

2021-жылдын 10-февралы № 202

Кадамжай шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-январындагы №32/10 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттары, Кадамжай шаарына караштуу Жаңы Жер калктуу коңушту айыл категориясына киргизүү боюнча Жаңы Жер калктуу коңуштун жашоочуларынын жыйынында кабыл алынган чечимин карап чыгып жана талкуулап

ТОТКОМ КЫЛАТ:

1.    Кадамжай шаарына караштуу Жаңы Жер калктуу коңушту айыл категориясына киргизүү боюнча Жаны Жер калктуу коңуштун жашоочуларынын чечими колдоого алынсын.

2.    Кадамжай шаардык мэриясы тарабынан Жаңы Жер калктуу коңушту айыл категориясына киргизүү боюнча тиешелүү маалыматтар жана калктуу коңуштун Схематикалык картасы, чек ара баяндамасы менен даярдалып, Жаңы Жер калктуу коңуштуну айыл категориясына киргизүү боюнча сунуш Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна киргизүү тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.

 

Төрага

 

Э. Ураимов