КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги 53-cессиясы
2021-жылдын 5-марты № 208
Кадамжай шаарында “Калкка кызмат көрсөтүү” борборун ачууга көмөктөшүү жөнүндө
Кадамжай шаары райондун борборунда болуп, калкка кызмат көрсөтүүлөрдө райондун тургундарына жеңил болушун эске алып, шаардык мэриянын 2021-жылдын 2-мартында 1-88 номер менен чыгышталган кайрылуусун жана шардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын муниципалдык менчигинде турган имаратты капиталдык ремонттоп “Калкты тейлөө борборун” ачууга карата райондук өнүгүү фондунан 2,7 млн сом, калкты жана жарандык актыларды каттоо департаментинен ажыратылып жаткан 1,0 млн сомго кошумча жергиликтүү бюджеттен 1,0 млн сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Бүткөрүлгөн имарат мэриянын балансында калтырылып, оперативдүү башкарууга берүү жөнүндө мэрия тарабынан келишим түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Э. Ураимов |