Редакцияот 05.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги 53-cессиясы

2021-жылдын 5-марты № 209

Кадамжай шаардык кеңешинин 2021-жылга бекитилген сметасынын кээ бир статьяларынан башка статьяларга жылдыруу жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңешинин 2021-жылга бекитилген сметасынын кээ бир статьяларынан башка статьяларга жылдыруу жөнүндө шардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып Кадамжай шаардык кеңеши  

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1.    Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинде Кадамжай шаардык кеңешинин 2021-жылга бекитилген сметасынын I-II-III кварталдагы статьяларына каралган акча каражат жылдырылсын.  

Негизги каражаттын эсебинен:

22211100 – Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар статьясынан.

I кварталынан – 95,0 миң сом азайтып

22151100 – Юридикалык кызмат көрсөтүү статьясына, I кварталына 95,0 миң сом жылдырып.

22151100 – Юридикалык кызмат көрсөтүү статьясынан, II кварталдан – 78,5 миң сом жана III кварталдан – 16,5 миң сом азайтылып.

22211100 – Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар статьясына.

II кварталына 78,5 миң сом жана III кварталына 16,5 миң сом жылдырылсын.

2.    Токтомдун аткарылышы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Жумаматовко милдеттендирилсин.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча   туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

Э. Ураимов