КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги 53-cессиясы
2021-жылдын 5-марты № 211
“Жаштык” кинотеатрынын профилин сактоо менен Молдо Нияз атындагы “Жаштык” кинотеатры деп атоо жөнүндө
“Молдо Нияз мурастары” коомдук фондунун 2020-жылдын 4-декабрындагы 230 номери менен кириштелген кайрылуусун жана шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарындагы “Жаштык” кинотеатрынын профилин сактоо менен Молдо Нияз атындагы “Жаштык” кинотеатры деп аталсын.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Э. Ураимов |