Редакцияот 05.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги 53-cессиясы

2021-жылдын 5-марты № 213

Кадамжай шаарынын аймагындагы ишкана-мекемелердин кызматкерлеринен алынуучу салык эмес төлөмдөрдүн (түтүн пулу, өз ара) тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, 2018-жылдын 10-августундагы № 90 КР Салык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодексине негиз 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1.    Шаар аймагындагы таштандыларды тазалоо  (түтүн пулу, өз ара) үчүн ар бир турак жайга жылына бир жолу 50 (элүү) сом, юридикалык жеке ишканалардын ар бир кызматкерине 100 (жүз) сом өлчөмүндө тариф бекитилсин.  

2.    Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Э. Ураимов