Редакцияот 11.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезексиз отуз бешинчи сессиясы

 

2021-жылдын 11-февралы № 121

Ирилеш айылынын аялдарынын арызы жөнүндө

 

          Халмион айыл аймагынын Ирилеш айылынын аялдары тарабынан “Нооруз” өз ара жардамдашуу коомдук тобу уюшкандыгын жана уставын бекитип берүү жөнүндөгү арызын карап таанышып чыгып Халмион айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат;

1.    Халмион айыл аймагынын Ирилеш айылынын аялдары тарабынан түзүлгөн “Нооруз” коомдук тобунун уставы бекитилсин.

2.    Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Халмион айылдык кеңешинин жооптуу катчысы О Сарыбековага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Г. Матажиев