КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V– сессиясы
2021-жылдын 24-августу № 5/2
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда 2021-жылга карата бош калган каражаттын багытын өзгөртүү жөнүндө
Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, мурунку VI чакырылышынан шайланган депутаттардын 20-январь 2021-жылы №43/5 токтомун негизинде бөлүнгөн, бош калган каражатты карап чыгып,Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Белековду жана Кум-Дөбө айыл өкмөтүнун убактылуу ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу А.Абдырасакованын 2021-жылга карата бош калган каражатты багытын өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда 24.08.2021-жылга карата Кум-Дөбө айылынын маданият үйүн курууга бөлүнгөн 2 407500 сом акча каражат төмөндөгүдөй өзгөртүлүп бөлүнсүн:
- 320000 сом акча каражаты,Кочкор Райондук Электр тармагына
Кум-Дөбө конторасына пайдаланган светтин эсебине.
- 2087500 сом акча каражаты Бирилик мини футбол аянтчасына.
2. Жогорудагыдай багыттарда бөлүнгөн каражатты каржылап берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кочкор башкармалыгынан суралсын.
3. Жогорудагы каражаттарды өз багыттарында каржылап, өздөштүрүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Белековго, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнун убактылуу ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу А.Абдырасаковага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жана өз жоопкерчилигиме калтырылсын.
Төрага | М. Чолпонкулов |