Редакцияот 24.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V– сессиясы

 

2021-жылдын 24-августу № 5/4

Бугучу айылында жердин астындагы суунун деңгээли көтөрүлүп кеткендигине  байланыштуу  суу кеткен  дренажды тазалоо жөнүндө

 

          Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Бугучу айылындагы дренжды учурдагы абалы менен таанышып токтом кылат:

1.                Бугучу айылында жердин астындагы суунун деңгээли көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу,сметалык чыгымын эсептеп, иш алып баруу жагы Кеңештин депутаты Рахматаалы уулу Турсунбек өз жоопкерчилигине алсын.

2.                Ушул токтомдуу  көзөмөлдө жагы  тийиштүү туруктуу комиссия өз  милдетине алсын.

 

Төрага

 

М. Чолпонкулов