КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V– сессиясы
2021-жылдын 24-августу № 5/5
Шамшы айылынын Осмон Айбашов атындагы орто мектебинин көмүр сактоочу складын ондоо жөнүндө
Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Шамшы айылынын Осмон Айбашов атындагы орто мектебинин көмүр сактоочу складын сметалык чыгымы менен таанышып токтом кылат:
1. Шамшы айылынын Осмон Айбашов атындагы орто мектебинин көмүр сактоочу складын оңдоого кеткен 101368 миң сом акча каражаты, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджети аркылуу бүткөрүлсүн.
2. Ушул токтомдуу аткарылышын айыл өкмөт башчысы А. Белеков өз милдетине алсын.
Төрага |
М. Чолпонкулов |