Редакцияот 17.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VII- чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы

 

2021-жылдын 17-майы № 1/3

КумДөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №2 протоколун бекитүү жөнүндө

 

                Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык  кеңешинин Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Мыйзамынын 37-беренесинин 4-5-6-7 пунктарынын талабына ылайык Кум-Дөбө айылдык кеңешинин Регламентине жана депутаттардын VII-чакырылышынын Кум-Дөбө  айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 2 протоколун угуп жана талкуулап депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1.  Депутаттардын VII –чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө  айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 2021-жылдын 17-майындагы № 2 протоколу бекитилсин.

2.  Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушуна ээ болгон №4149 «Шамшы» шайлоо округунан депутат Ашыралиева Эльнура Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык  кенешинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

 

Сессиянын төрайымы

А. Актанова