Редакцияот 20.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXXXIII сессиясы

 

2021-жылдын 20-январы № 43/4

Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын, 2021-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2022-2023- жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө

 

Депутаттардын VI - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл    аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары,  Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2021-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2022-2023- жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевдин отчётун, айылдык кенештин экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

  1. Кум-Дөбө айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер  21 766.6 мин сомго, чыгашалар 21 173.6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
  2. 2021-жылга Кум-Дөбө  айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 21 237.8  мин сом, мунун ичинен жергиликтүү салыктан түшүүчү кирешелер 9 577.5  мин сом, теңдештирүү грант 11 660.3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2021-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелери теңдештирүүчү гранттардан жана жергиликтүү бюджеттен түшө турган кирешелеринин эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

Подох. салыгы-                                 3 580.0  миң сом

Милдеттүү патент салыгы-              1.2 миң сом

Ыктыярдуу патент салыгы-             250.0 миң сом

Кыймылсыз мүлккө салык-             5.0 миң сом

Транспорт салык-                             612.0 миң сом

Огород салык-                                   410.0 миң сом

Айыл чарба жеринен салык-           638.5 миң сом

Айыл чарба эмес багыттагы салык-81,1 миң сом

Роялти-                                              618.0 миң сом

Лизенция-                                         1500,0 миң сом

Жайыт акысы-                                  315.6 миң сом

ФПС аренда акысы-                         352.7 миң сом

Атайын каражат-                              813.4 миң сом

Жергиликтүү маанидеги

Инфраструктураны өнүктүрүүгө

Чегерүү                                              400.0 миң сом

 

  Баары   -                                          9 577.5 миң сом

 

- теңдештирүүчү грант-                   11 660. 3 мин сом.

 

  Жалпысы-                                      21 237.8 мин сом.

 

Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга чыгымдар бөлүгү:

- башкаруу аппаратына-                                     12 947.5  мин сом.

- агартуу тармагына-                                           6 645.1   мин сом

- маданият тармагына-                                        1 329.6  мин сом.

- жайыт                                                                  315.6    миң сом

 

   Баары-                                                         21 237.8  мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

  1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2022-жылга болжолдуу бюджетинин долбоору киреше бөлүгү 21 571.1 мин сом жана чыгымдар бөлүгү  21 571.1  миң сом суммасында, ошондой эле  2023-жылга киреше бөлүгү 21 790.3 миң сом жана чыгымдар бөлүгү  21 790.3  миң сом суммасында бекитилсин.
  2. 2021-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык түрүнүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспекторлор  К.Абдраимова, Ж.Романова,  Ж.Дуйшөкулова, А.Касмалиеваларга тапшырылсын.
  3. Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ыбышовго жана ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

 

А. Өмүров