Редакцияот 22.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXXIV сессиясы

 

2021-жылдын 22-февралы № 44/2

Кум-Дөбө айыл аймагындагы “Кум-Дөбө” жана “Шамшы” муниципалдык” ишканаларынын бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Депутаттардын VI - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл    аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары,  айыл өкмөтүнө караштуу “Кум-Дөбө” жана “Шамшы” муниципалдык” ишканалардын бюджетин кабыл алып, бекитүү жөнүндө отчёт  маалыматтарын  угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

1.    Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылындагы “Шамшы” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Токушовдун, эсепчиси Б.Кабатаевалардын 2020-жылда аткарган иштеринде кетирилген кемчиликтерди эске алуу менен, айыл тургундары менен түзүлгөн келишимдин негизинде иш жүргүзүп, жалпысынан иштеген иштерине “Канааттандыраарлык” деп баа берилсин.

2.    “Шамшы” муниципалдык ишканасы 2021-жылга ичүүчү таза сууга, сугат сууга жана таштандыларды чыгарууга түзүлгөн иш планы, тариф бюджетинин кирешеси 1 015000 (бир миллион он беш миң)  сом жана чыгашасы 1 015 000 (бир миллион он беш миң)  сом толугу менен кабыл алынып бекитилсин.

3.    “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Төлөнбековдун 2020-жылда аткарган иштерине “Канааттандыраарлык” деп баа берилип, жогоруда айтылган сын-сунуштарга өз убагында салык жыйымдарды аткаруу жагы муниципалдык ишкананын жетекчиси М.Төлөнбековго, эсепчиси Б.Абдырасаковго тапшырылсын.

4.    “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасы 2021-жылга ичүүчү таза сууга, сугат сууга жана таштандыларды чыгарууга түзүлгөн иш планы, тариф бюджетинин киреше бөлүгү 2 737106 (эки миллион жети жүз отуз жети миң бир жүз алты)  сом жана чыгаша бөлүгү 2 737106 (эки миллион жети жүз отуз жети миң бир жүз алты)  сом толугу менен кабыл алынып бекитилсин.

5.    Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

А. Өмүров