КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXXIV сессиясы
2021-жылдын 22-февралы № 44/6
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеӊешине, айыл тургундарынан келген арыздарды кароо жөнүндө
Депутаттардын VI - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айылдык кеңештин төрагасы А.Өмүровдун кыскача айылдык кеңешине келген арыздарын маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Айыл тургуну Кутпидинов Шейшенбектин жазган арызын карап, Төрт-Күл айылындагы Кененбаев көчөсүндөгү жаңы конушка электр линиясын, таза суу киргизүү жагы 2021-жылдын планына киргизилсин.
2. Айыл тургуну Абдыраимов Кубатбектин жазган арызын карап, Кум-Дөбө айылындагы Түндүк жаңы конушунда мурун таза сууга деп казылган жерди 1.5 км жерге узартылып, суу түтүкчөлөрү норма боюнча киргизип бердирүү жагы “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Төлөнбековго милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын туура көчөлөрү сыртка чыгып кеткен, электр линияларына тоскоол болгон бак дарактарды иретке келтирип, айыл тургундары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жазга чейин тез арада бүткөрүү жагы айыл башчыларга, жер адис Н.Осмоновго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ыбышовго тапшырылсын.
Төрага |
А. Өмүров |