Редакцияот 18/09/2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXIX сессиясы

 

2020-жылдын 18-сентябры № 39/1

Айылдык кеңешинин мурунку 28-май 2020-жылдагы кезектеги ХХХVIII-сессиясында чыккан токтомун өзгөртүп толуктоо жөнүндө

 

        Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевдин мурунку 28.05.2020-жылдагы айылдык кеңешинин кезектеги ХХХVIII-сессиясынын № 38/4-токтомуна өзгөртүп толуктоо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

  1. Кум-Дөбө айылдык аймагынын айылдык кеңеши 28.05.2020-жылдын ХХХVIII-сессиясындагы № 38/4 токтомундагы жаңы курулган бала бакчага коюлган “Исаева Бүбүкан” атындагы ысымын жокко чыгарып, өзгөртүп толуктоо менен “Бүбүкан апа” атындагы бала бакча деп оңдолуп жазылсын.

 

  1. Жаңы бүткөн бала бакчаны “Бүбүкан апа” бала бакчасы  деп жазылып, тактаны илдирип орнотуу жагы Аруунова Баянга тапшырылсын.

 

  1. Жогорудагы токтомдун аткарылышын Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан, Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Мамбеттоктоева Кызжибек Мусаевнага милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

А. Өмүров