Редакцияот 30.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXXII сессиясы

 

2020-жылдын 30-октябры № 42/2

“Кочкор Таза суу” муниципалдык ишканасы жөнүндө

 

           “Кочкор райондук Таза суу” муниципалдык ишканасынын Уставына ылайык, уюштуруучулары болгон Кочкор районунун 11 айыл өкмөтүнүн  катышуусундагы 15-декабрь 2020-жылдагы №1 протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын  36-беренесине ылайык, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

1.    Кочкор районунун 11 айыл өкмөтүнүн катышуусундагы 15-декабрь 2020-жылдагы №1 протоколунун негизинде “Кочкор райондук Таза суу” муниципалдык ишканасы жоюлсун.

2.    Кум-Дөбө айылдык кеңеши 30.11.2014-жылдагы кезексиз № 17/2 токтому жокко чыгарылсын.

3.    “Кочкор районунун Таза суу” муниципалдык ишканасы Кочкор айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ыбышовго тапшырылсын. 

 

Төрага

 

А. Өмүров