САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясы
2021-жылдын 17-августу № 4/15
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин отурумунун протоколун бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 5-июль 2021-жылдагы отурумунун №1 протоколун бекитип берүү жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы Ы. Элтуйбасовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 5-июль 2021-жылдагы №1 протоколу бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|