САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз ХХХVI сессиясы
2021-жылдын 5-апрели № 36/192
«Меди Али Шах» жоопкерчилиги чектелген коомуна «Шамалдилде» участкасынан жер берүү жөнүндө
«Меди Али Шах» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Б. Чекированын «Шамалдилде» участкасынан ак таш-доломитти иштетүүгө 1,5 га жер аянтын мыйзамдаштырып берүүгө 2021-жылдын 30-мартындагы №20 кайрылуу каты жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Меди Али Шах» жоопкерчилиги чектелген коомуна «Шамалдилде» участкасынан ак таш-доломитти иштетүүгө 1,5 га жер аянтына жана убактылуу пайдаланууга укугу бар күбөлүктү берүү боюнча келишимди түзүүгө макулдук берилсин.
2. «Меди Али Шах» жоопкерчилиги чектелген коомуна «Шамалдилде» участкасындагы жер аянтын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берүү жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|