Редакцияот 19.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз ХХХV сессиясы

 

2021-жылдын 19-марты № 35/188

Айыл аймагынын аймагындагы таштандыларды алып чыгаруу үчүн тазалык жыйымдын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө

 

Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн киреше, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адиси Д. Тайдаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1.    Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардан таштандыларды алып чыгаруу үчүн тазалык жыйымдын өлчөмү 2021-жылга карата түтүн башына 25 (жыйырма беш) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Жумамүдүн уулу