Редакцияот 19.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз ХХХV сессиясы

 

2021-жылдын 19-марты № 35/190

Ак-Таш кенинен «Кыргыз Ак-Таш» жоопкерчилиги чектелген коомуна жер берүү жөнүндө

 

«Кыргыз Ак-Таш» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси А. Эсенкуловдун Ак-Таш кениндеги «Восточный» участкасындагы доломит мраморлорун иштетип жаткан карьерден 1,7 га түзгөн жер тилкесин мыйзамдаштырып берүү жөнүндө 2021-жылдын 15-февралдагы каты жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. «Кыргыз Ак-Таш» жоопкерчилиги чектелген коомуна Ак-Таш кениндеги «Восточный» участкасындагы доломит мраморлорун иштетип жаткан карьерден 1,7 га (1,03 га карьер, 0,67 га отвалдар жана кирүү технологиялык жолдору) түзгөн жер тилкесин берүүгө макулдук берилсин.

2. «Кыргыз Ак-Таш» жоопкерчилиги чектелген коомуна Ак-Таш кениндеги «Восточный» участкасындагы жер тилкесинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берүү жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы

Э. Макишовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Жумамүдүн уулу