Редакцияот 13..08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2021-жылдын 13-августу № 7/1

Үсөнбек уулу Таалайбектин айыл өкмөтүнө жазган арызын кароо  жөнүндө

 

Ак-Кыя айылдык кеңешинин жер комитетинин №1 протоколунун негизинде Үсөнбек уулу Таалайбектин айыл өкмөтүнө жазган арызы боюнча айыл өкмөт  башчысынын  маалыматын угуп жана талкуулап  Ак-Кыя айылдык кеңеши 

Т  О  К  Т  О  М        К  Ы  Л  А  Т:

1.    Үсөнбек уулу Таалайбекке Жаңы-Жол айылынын Кара-Дөбө участкасынан балык чарбасын өстүрүү үчүн 6,5га жер участогун КРнын Жер кодексинин жана Жайыт мыйзамынын негизинде иш алып барып, берилип жаткан  жер аянтын мыйзамдуу жагын карап жер участогун которуу (трансформациялоо) жолу менен тийиштүү органдарына кайрылып мыйзамдаштыруу  жагы каралсын.

2.    Бул токтомду аткарууга  алуу жана мыйзамдаштыруу жагы айыл өкмөт башчысы – Ы.Батталовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Сагынбек уулу А.