Редакцияот 11.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХVIII сессиясы

 

2020-жылдын 11-сентябры № 38/3

Жаны-Жол айыл ичиндеги таза суу түтүктөрүн айыл өкмөттүн балансасына алуу  жөнүндө

 

           Жаны-Жол айыл  тургундарынын  чогулушунун протоколун карап жана талкуулап Ак-Кыя айылдык  кеңеши

Т  О  К  Т  О  М   К  Ы  Л  А  Т:

1.    1972-жылы курулган Жаны-Жол айыл ичиндерги жана Кара-Суу айылындагы  Орто-Кырман участкасынан Жаны-Жол айылына тартылган  таза суу түтүктөрү айыл өкмөттүн балансасына алынсын.

2.    Трубалардын жайгашуусун,балансалык  баасын  тактап, баланска алуу айыл өмөт башчысына милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тийиштүү комитетке тапшырылсын.

 

Төрага

Р. Зарлыков