Редакцияот 11.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХVIII сессиясы

 

2020-жылдын 11-сентябры № 38/4

Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жер салыгынын базалык ставкасына өзгөртүү киргизүү  жөнүндө

 

           Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-статьясынын 6-пунктуна ылайык   Ак-Кыя айылдык  кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы:

- суу баскан жер 127 сом 50 тыйын;

- кайрак жер 38 сом 50 тыйын болуп,1,034 коэффициенти менен  бекитилсин.   

2.  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу өкмөт башчы Т.Турдубековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р. Зарлыков