АК КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХХ сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 40/8
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы кызмат ордун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 «Айылдык кенештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде Ак-Кыя айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Ак-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысы кызмат оруну бекитилсин.
- Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы өкмөт башчы Т.Турдубековго тапшырылсын.
Төрага | Р. Зарлыков |