ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эмгекчил айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 18-февралы № 2
Эмгекчил айыл аймагында “Эмгекчил өнүгүү” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Эмгекчил айыл өкмөтүнүн алдындагы “Эмгекчил өнүгүү” муниципалдык ишканасын түзүү боюнча сунушту карап чыгып, сессияда талкуулап Эмгекчил айылдык кеңеши токтом кылат.
1. Эмгекчил айыл өкмөтүнүн алдында жаңы “Эмгекчил өнүгүү” муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө сунушу айылдык кеңештин депутаттары тарабынан жактырылып, макулдук берилсин.
2. Муниципалдык мекеме түзүү, уставын бекитип, каттоодон өткөрүү жагы Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровго тапшырылсын.
3. Бул Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А Бектуровго милдетендирилсин.
4. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Б.Сурапов |