Редакцияот 18.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эмгекчил айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2021-жылдын 18-февралы № 4

Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыл башынан калган калдык акча каражатын бөлүп берүү жѳнүндѳ

         Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кенештин тѳрагасы  Б.Сураповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия токтом  кылат:

1.  Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым үчүн жыл башынан калган  калдык акча каражатынан 1 500 000  (бир миллион беш жүз мин сом) бөлүнүп берилсин.

2.    Бул  токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы  А.Бектуровго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б.Сурапов