ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эмгекчил айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 18-февралы № 9
Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыл башынан калган калдык акча каражатын бөлүп берүү жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин тѳрагасы Б.Сураповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:
1. Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнө чарба китеп алуу үчүн жыл башынан калган калдык акча каражатынан 5000 (беш миң ) сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Бектуровго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Сурапов |