Редакцияот 18.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эмгекчил айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2021-жылдын 18-февралы № 11

Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыл башынан калган калдык акча каражатын бөлүп берүү жѳнүндѳ

         Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин тѳрагасы  Б.Сураповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия токтом  кылат:

1.  Эмгекчил айыл аймагынын Солтон-Сары,Көк-Торпок  жайлоолорунда мал кармоочу,дарылоочу  жай (расхол) куруу  үчүн жыл башынан калган  калдык акча каражатынан  700 000  (жети жүз миң ) сом бөлүнүп берилсин.

2.    Бул  токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы  А.Бектуровго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б.Сурапов