Редакцияот 10.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эмгекчил айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2020-жылдын 10-апрели № 3

Эмгекчил айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн жерди айдап себүүдɵгү  тарифтерин бекитүү жɵнүндɵ

 

        Күн тартибиндеги маселе боюнча   айылдык кеңештин тѳрагасы  Б.Сураповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:

  1.    Эмгекчил айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүндɵ жазгы айдап себүүнүн баасы тɵмɵндɵгүдɵй болуп бекитилсин.

Соко     1 гектарга 1000(бир мин)сом,25 литр солярка

Тырмоо 1 гектарга  400(төрт жүз)сом,10 литр солярка

Себүү    1 гектарга 400(тɵрт жүз)сом,10 литр   солярка

Шакап тартуу 1 гектарга   150(бир жүз элүү)сом, 5 литр  солярка

Косылка  1 гектарга   600(алты жүз)сом, 10 литр солярка

Герман  1 гектарга  1000(бир мин )сом,  10 литр солярка

Чɵп пресстɵɵ  1(бир) даанасын 7сомдон,10 литр солярка

Комбайн 1 гектарга 2000(эки мин)сом,25 литр солярка

Чɵп тырмоо  1 гектарга 300(үч жүз)сом, 10 литр солярка

  1. СПАга келген техникалардын баасы  төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

-  сеялька  1 гектарга 400 сом,10литр солярка

-  чым жанчкыч  1гектарга 800 сом,25 литр солярка

-  картошка сепкич 1 гектарга  3000 сом,20 литр солярка

-  БИМ - 1кг арпа,буудайга  1сомдон

-  уу чачкыч  1 гектарга 500 сом,8 литр солярка

  1. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы  И.Мукамбетовго  милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б.Сурапов