Редакцияот 11.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эмгекчил айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2020-жылдын 11-майы № 1

Эмгекчил айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүндɵгү сугат, корук,көчүп-конуу жана башка маселелерди  кароо жɵнүндɵ

 

         Күн тартибиндеги маселе боюнча   айылдык Кенештин тѳрагасы  Б.Сураповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:

     1.Эмгекчил айылындагы корук маселесин  кароодо 1-май 2020-жылдан баштап

 малдарды коруу жана айыл ичиндеги малдар үчүн уй бада (кесүү) уюштурулсун.

Кесүүгө,бадага кошпой корукка түшсө, Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 183-беренеси боюнча  10 000(он мин) сом  айып  пул  салынсын.

  1. Сугат сууну пайдалануу эрежелерин бузуу жана сугат суусун кезексиз алса,  Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 181-беренеси боюнча  5500 (беш мин беш жүз) сом  айып  пул салынат.
  2. Малчыларды жайлоого кɵчүрүү  1-июнь 2020-жылдан башталып, 7-июнь 2020-жылга чейин  жыйынтыкталсын. Эгер көчпөсө  Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 182-беренеси боюнча  10 000 (он мин) сом  айып пул  салынат. Кой-эчкисин сөзсүз кубкага салышсын жана ветеринардык дарылоодон  өткөрүшсүн.
  3.  Айыл эли өзгөчө кырдаал өзгөрбөгөндүктөн, быйыл  түлөөгө чыгуу токтотулсун.

5. Токой чарбасынын жерлери келишим менен Жайыт комитетине өткөндүгүнө байланыштуу  «Үч-Чат», «Оро-Башы», «Аркар», «Мазар», «Эчки-Башы»  ички .жайлоолорго  субай малын алып калууга уруксат берилбесин.

6. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Эмгекчил айыл аймагынын

айыл ɵкмɵтүнүн башчысы  И.Мукамбетовго  милдеттендирилсин

 

Төрага

Б.Сурапов