СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХХХ -сессиясы
2021-жылдын 4-марты № 40/3
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин сунушунун негизинде ОсОО «Терра Компании» ишканасы тарабынан төлөнүүчү ижара акысынын баасын бекитип берүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесине тиешелүү жер аянтында турган ОсОО «Терра Компании» ишканасы тарабынан орнотулган антенанын төлөнүүчү ижара акысынын баасын бекитип берүү боюнча ЖПБнын сунушун угуп, талкуулап, КР «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесинин жана «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин, КР Ɵкмөтүнүн «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө» мыйзамына ылайык, Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеӊеши, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесине тиешелүү жер аянтында турган ОсОО «Терра Компании» ишканасы тарабынан орнотулган антенанын төлөнүүчү ижара акысынын баасы бир айга 8000 (сегиз миӊ) болуп бекитилсин.
2. ОсОО «Терра Компании» ишканасы тарабынан орнотулган антенанын айына төлөөнүүчү 8000 (сегиз миӊ) сом ижара акысы жылдын башында жалпы 96000 (токсон алты миӊ) сомду бир төгүп берүү жагы ОсОО «Терра Компании» ишканасына милдеттендирилсин.
3. ОсОО «Терра Компании» ишканасы тарабынан орнотулган антенанын төлөнүүчү ижара акысынан түшкөн 96000 (токсон алты миӊ) сом акча каражаты Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды жакшыртуу иштерине жумшалсын.
Төрага |
Р. Базаркулов |