Редакцияот 22.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХХХVIII -сессиясы

 

2021-жылдын 22-январы № 38/4

Cемиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2021-жылга тазалык жыйындан жеӊилдиктерди берүү жөнүндө

 

            Семиз-Бел айыл аймагынын Арсы, Семиз-Бел, Чекилдек, Кара-Тоо айылдарында жашаган социалдык жактан коргоого муктаж, оокаты начар, багаар көрөөрү жок, жалгыз бой, кары-картаӊ болгон түтүн ээлерин тазалык жыйымдан бошотуу жөнүндө айыл   ѳкмѳтүнүн киреше боюнча башкы адиси Б.Көбөновдун сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутунун 4-пункутчасынын негизинде, Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеӊеши, токтом кылат:

  1. Семиз-Бел айыл аймагы боюнча социалдык жактан коргоого муктаж оокаты начар,багаар көрөөрү жок, жалгыз бой кары- картаӊ, көп балалуу атуулдардын тизмесине ылайык 40 (кырк)  түтүн  2021-жылга пландалып жаткан тазалык жыйымынан бошотулсун.
  2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы экономика,финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Төрага

 Р. Базаркулов