СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХХХVIII -сессиясы
2021-жылдын 22-январы № 38/6
Cемиз-Бел айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга карата стратегиялык инвестициялык жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Cемиз-Бел айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга карата стратегиялык инвестициялык жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын алымча кошумчасы менен бекитүү жөнүндө айыл ѳкмѳтүнүн инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө боюнча башкы адиси Ниязбек кызы Махабаттын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутунун 3-пункутчасынын негизинде, Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеӊеши, токтом кылат:
- Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга карата стратегиялык инвестициялык жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын алымча кошумчасы менен бекитилсин.
- Бекитилген стратегиялык инвестициялык жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарлышы боюнча маалымат берип туруу жагы айыл ѳкмѳтүнүн инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө боюнча башкы адиси Ниязбек кызы Махабатка милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы экономика,финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Р. Базаркулов |