ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-апрели № 1
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жазгы айдап-себүү, айыл чарба техникаларанын тарифтерин жана айып пулдар, мал багуунун акысын, мал башына жайыт акыны, көчүп-конуу, кайра көчүп келүү боюнча айып пулдарды белгилөө жөнүндө
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн тургундары менен 01.04.2021-жылда өткөрүлгөн жыйындын №4 протоколунун негизинде Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунушун карап жана маалыматын угуп жана талкуулап Тоголок-Молдо айылаймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXI-сессиясы :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы талаачылык жумуштарына техникалардын кызмат көрсөтүү акысы төмөндөгүдөй белгиленсин жана бекитилсин:
1,0 га жер аянты үчүн:
- Жер айдоо- 1000 сом, 30 литр май
- Мала тартуу-500 сом, 10 литр май
- Себүү-600 сом, 10 литр май
- Шакап тартуу-5 литр май
- Жатка (чөп чабуу) -900 сом
- Комбайндын акысы - 1800 сом, тартуунун майы аралыкка жараша, рейси 400 сом
- Пресс подборщик- бир түк чөп-7 сом, тартуу-400 сом.
Кызмат акынын өлчөмүн сактабаган учурда механизаторлорго биринчи эскертүү менен 1000 сом айып пул салынсын.
2. Мал багуунун акысы ар бир мал башына төмөндөгүдөй белгиленсин жана бекитилсин:
-Бодо малга—260 сом
-Майда жандык (кой, эчки)- 47 сом
-Бодо малдын 250 сому бадачыга, 10 –сому жайыт акы үчүн бадачы ЖПБ не төлөсүн.
-Майда жандыктардын (кой,эчки) 47-сомдун 45-сому бадачыга, 2-сому жайыт акы үчүн бадачы ЖПБне төлөсүн.
Эскертүү: Ар бир малга жайыт акыны бадачылар төгүшөт.
3. Көчүп-конуу убактысы:
-2021-жылдын 20-апрелинен тартып бадачылардын көчүүсү жана корук уюштурулсун . Кайра 2021-жылдын 1-октябрына чейин мал айдап келишпесин. Эгерде койгон талаптарды аткарбаса, көрсөтүлгөн мөөнөттөн эрте түшүп келсе чабандар үчүн 5000 сом, ар бир бодо мал үчүн-1000 сом, майда жандык мал үчүн-500 сом айып пул салынсын.
4. Малдарды ветеринардык справкасы жок бада чогулткан бадачыларга Ветеринардык инспекторлор тарабынан чара көрүлөөрү эскертилсин;
5. Талаага тай (бош) ээрчиткендерге, малын бош кое бергендерге бодо мал башына 1000 сом, жандык башына 300 сом,уй кесүүнү атайын кайтарбай койгон жарандарга 2000 сом айып салынсын;
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы: Жолочу уулу Нурсултанга милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Акматов |