Редакцияот 19.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 19-апрели № 2

Сугат суусун пайдалануу жөнүндө

 

Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн тургундары менен 01.04.2021-жылда өткөрүлгөн жыйындын №4 протоколунун негизинде Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунушун карап, маалыматын угуп жана талкуулап Тоголок-Молдо айыл

аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз  XXI-сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Дыйкандарга  сугат суу акысын төлөгөндүгү тууралуу квитанциясы жок суу берилбесин.

2.    Сугат суусун пайдалануу жана тейлөө үчүн  суу башына Ташматов Мелис бекитилсин.

3.    Чон-Алыш каналынан чыккан сугат суусун  Ташматов Мелис жана Жусупов Нурбек  суу бөлүштүрүп. дыйкандарга кезеги менен суу бөлүштүрүп тейлешсин.

4.    Суунун  1,0 гектар жерге тарифи -200 сом болуп бекитилсин жана  сууну уруксаты жок  жыгып, коромжу пайдаланса саатына – 900 сом айып пул салынсын.

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы: Жолочу уулу Нурсултанга  милдеттендирилсин.

 

 Төрага

Н. Акматов