ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-апрели № 4
“Адис-Адилет” бала бакчасынын 2021-жылдын 17-мартындагы ата-энелер чогулушунун №3 протоколунунун негизинде бала –бакчага ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөмүнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө
“Адис-Адилет” бала бакчасынын 2021-жылдын 17-мартындагы ата-энелер чогулушунун №3 протоколунун негизинде бала –бакчага ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөмүнүн өлчөмүн бекитип берүү үчүн Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык
кеңешинин кезексиз XXI-сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Адис-Адилет” бала бакчасынын 2021-жылдын 17-мартындагы ата-энелер чогулушунун №3 протоколу менен бекитилген, бала-бакчага ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөмү азык-түлүктүн кымбаттагандыгына байланыштуу 1 балага бир күнгө 22 (жыйырма эки) сом болуп бекитилсин.
1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Сагынбековго жана “Адис-Адилет” бала бакчасынын жетекчиси: Б.Мамбеталиевага тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы: Жолочу уулу Нурсултанга милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Акматов |