Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-январы № 14/5
Тоголок-Молдо айыл аймагындагы «Бооралбас- булак» ИСКАКБсынын жетекчисинин милдетин аткаруучу А.Кулабаевдин сунушун кароо жөнүндө
«Бооралбас- булак» ИСКАКБсынын жетекчисинин милдетин аткаруучу А.Кулубаевдин сунушун талкуулап, Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин кезексиз 14-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. «Бооралбас- булак» ИСКАКБсына айыл өкмөтүнүн КБФ жеринен 5 га жер ижарага берүү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын;
2. Айыл ичиндеги суу алуучу колонкалардын жанына мал сугарган мал ээсине бодо мал башына 1000 (мин ) сом, жандык мал башына 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө айып пул салынсын;
3. Ичүүчү таза сууну курулушка пайдаланган жана короо жай (огород) сугарган жарандарга 5000 (беш мин) сом өлчөмүндө айып пул салынсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Акматов |