Редакцияот 16.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Нарын шаардык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясы

 

2021-жылдын 16-декабры № 2

Нарын шаарынын Аксакалдар сотунун жаңы  курамын бекитүү жөнүндө

 

Нарын шаарынын  Аксакалдар сотунун  мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, жаңы сунушталып жаткан Аксакалдар сотунун  курамын  “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу   боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумдарында  талкууланып, Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соту жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык, алардын жаңы курамын   бекитип  берүүнү   Нарын шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунуштаган. Жогорудагыларды талкуулап, Нарын шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

1.    Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соту жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Нарын шаардык  Аксакалдар сотунун  жаңы  курамы 9 адамдан бекитилсин (курамы тиркелет).

2.    Жаңы бекитилген Аксакалдар сотунун курамына,   Аксакалдар сотунун төрагасын жана катчысын шайлагандыгы жөнүндөгү протоколун  шаардык кеңешке бир  жуманын ичинде жиберүү жагы тапшырылсын.

3.    Аксакалдар сотунун иш бөлмөсүн чечип берүү жана  иш кагаздары менен камсыз кылуу жагы  шаардык мэрияга тапшырылсын.

4.    Аксакалдар соту шаардык  Кеңештин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу   боюнча” туруктуу комиссиясы  жана шаардык укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта иш алып баруусуна  өзгөчө көңүл бурулсун.

5.    Нарын шаардык Аксакалдар соту тарабынан ар жыл сайын, жылдын жыйынтыгы менен Нарын шаардык мэриясына отчет берсин жана шаардык мэрия менен бирдикте иштер алып барылсын.

6.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнүү Нарын шаардык кеңешинин жооптуу катчысы А.Абдыкеримовго тапшырам.

 

Төрага

 

 

А.Молдосалиев