ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
2021-жылдын 26-октябры № 1
№79 Өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушуна керектүү акча каражаты жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Суванованын Терек-Сай айыл аймагына караштуу К.Турдалиев көчөсүндө жайгашкан №79 ӨКБнүн жаңы имаратынын курулушуна керектүү акча каражаты боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу К.Турдалиев көчөсүндө жайгашкан №79 ӨКБнүн жаңы имаратынын курулушуна керектүү акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
Ажакматов И.К. |