Редакцияот 26.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы

 

2021-жылдын 26-октябры № 6

Терек-Сай айыл  аймагына  караштуу  Рудничная  көчөсүндө  жайгашкан  эски котельныйдын имаратын реконструкциялап,   балдар машыгуучу  зал (тренажорный зал)  куруу   жөнүндө

Терек-Сай айыл  аймагына  караштуу  Рудничная  көчөсүндө  жайгашкан  эски котельныйдын имаратын  реконструкциялап,  балдар машыгуучу зал (тренажорный )   куруу   жөнүндө  жергиликтүү тургундардын кайрылуусун угуп жана талкуулап,  Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезексиз  XV   сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Терек-Сай айыл  аймагына  караштуу  Рудничная  көчөсүндө  жайгашкан  эски котельныйдын имаратын  реконструкциялап,  балдар машыгуучу зал (тренажорный )  куруу үчүн  6 740 860 (алты миллион  жети  жүз кырк  миң сегиз жүз  алтымыш ) сом акча каражаты  “Эти Бакыр Терексай”   ЖЧКнун  2022-жылга каралган соц.пакеттин эсебинен  “Терек-Сай Гео  Строй”  ЖЧК  на  бөлүнүп  берилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай  айыл аймагынын  КЭБнүн  башчысы  Т.Т.Сувановага  жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Ажакматов И.К.