ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
2021-жылдын 26-октябры № 8
Кыргыз Республикасынын аймагында 2022-жылга эл жана турак-жай фондун каттоо жумуштарын өткөрүүгө жана даярдыктарды көрүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында 2022-жылга эл жана турак-жай фондун каттоо жумуштарын өткөрүүгө жана даярдыктарды көрүү жөнүндө, Терек-Сай айыл аймагынын экономист-статисти А.А.Жантаеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Терек-Сай айыл аймагында 2022-жылга эл жана турак-жай фондун каттоо жумуштарын өткөрүүгө жана даярдыктарды көрүү жумуштары үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 77 000 (жетимиш жети миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
Ажакматов И.К. |