Редакцияот 26.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы

 

2021-жылдын 26-октябры № 10

Терек-Сай  айыл  аймагында  2021-жылдын  аягына карата малдарды жана үй канаттууларды саноого  катышкан  мал санакчылардын айлык акыларын чечип берүү жөнүндө

 

Терек-Сай айыл аймагынын экономист-статисти А.А.Жантаеванын Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын  2021-жылдын 30-ноябрындагы №153 буйругуна ылайык, Терек-Сай айыл аймагындагы 2021-жылдын жыйынтыгы менен мал санакка катышкан мал санакчылардын эмгек акысын төлөп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап,  Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезексиз  XV   сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын  2021-жылдын 30-ноябрындагы №153 буйругуна ылайык, Терек-Сай айыл аймагындагы 2021-жылдын жыйынтыгы менен мал санакка катышкан мал санакчылардын эмгек акысын төлөп берүү үчүн  жергиликтүү  бюджеттин  эсебинен  22 000 (жыйырма эки  миң)  сом  акча  каражаты  бөлүнүп  берилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай  айыл аймагынын  КЭБнүн  башчысы  Т.Т.Сувановага  жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

 Терек-Сай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Ажакматов И.К.