ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
2021-жылдын 26-октябры № 13
Терек-Сай айыл аймагындагы 3 бала бакчага, 3 жалпы орто билим берүүчү мектептерге, маданият үйлөрүнө ошондой эле айыл өкмөттүн аппаратына суу чыгаруучу насосторуна эсептегич (счетчик) алуу үчүн акча каражатын чечип берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагындагы 3 бала бакчага, 3 жалпы орто билим берүүчү мектептерге, маданият үйлөрүнө ошондой эле айыл өкмөттүн аппаратына суу чыгаруучу насосторуна эсептегич (счетчик) алуу максатында, Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагындагы 3 бала бакчага, 3 жалпы орто билим берүүчү мектептерге, маданият үйлөрүнө ошондой эле айыл өкмөттүн аппаратына суу чыгаруучу насосторуна эсептегич (счетчик) алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
Ажакматов И.К. |