Редакцияот 28.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын II кезексиз сессиясы

 

2021-жылдын 28-декабры № 5

Терек-Сай  айыл аймагында  ден-соолугу жана турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

Терек-Сай  айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын тургуну жашоо шарты оор, I- топтогу майып  Ж.Сарпбековдун   жана С.Мырзалиев көчөсүнүн тургуну I- топтогу майып Токтомурат кызы Мээрзаданын тез аранын ичинде баш мээсине операция (диагноз: окклюзионная  гидроцефалия) жасатуу зарылдыгы жөнүндөгү  кайрылууларынын угуп жана талкуулап,  Терек-Сай айылдык кеңешинин IX  чакырылышынын  кезексиз   II   сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ак-Терек айылынын тургуну жашоо шарты оор, I- топтогу майып  Ж.Сарпбековго  ден-соолугуна жана турмуш шартына байланыштуу, 30 000 (отуз миң) сом жана С.Мырзалиев көчөсүнүн тургуну I- топтогу майып Токтомурат кызы Мээрзадага тез аранын ичинде баш мээсине операция (диагноз: окклюзионная  гидроцефалия) жасатуу  үчүн  жергиликтүү  бюджеттин эсебинен  50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп  берилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай  айыл аймагынын  КЭБнүн  башчысы  Т.Т.Сувановага  жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

 Терек-Сай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Тойчуев М.С.