Редакцияот 28.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын II кезексиз сессиясы

 

2021-жылдын 28-декабры № 6

Терек-Сай  айыл аймагында  кар көп өлчөмдө жаап, негизги автоунаа жолдору муз болуп жаткандыгына байланыштуу шлак чачуу (подсыпка)  жөнүндө

Терек-Сай  айыл аймагында  кар көп өлчөмдө жаап, негизги автоунаа жолдору муз болуп, жолдо жүрүү кооптуулук жаратып жаткандыктан,  шлак чачуу (подсыпка) боюнча  жергиликтүү тургундардын  кайрылууларынын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX  чакырылышынын  кезексиз   II   сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Терек-Сай  айыл аймагында  кар көп өлчөмдө жаап, негизги автоунаа жолдору муз болуп, жолдо жүрүү кооптуулук жартып жаткандыктан,  шлак чачуу  (подсыпка) үчүн  жергиликтүү  бюджеттин эсебинен  10 000 ( он  миң) сом акча каражаты бөлүнүп  берилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышы “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык  ишканасынын жетекчиси Ш Балтагуловка  жана  КЭБнүн  башчысы  Т.Т.Сувановага  жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

Тойчуев М.С.