Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезексиз XIII сессиясы
2022-жылдын 26-январы № 2
Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкаруусунун “Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча 2022-2026-жылдарга карата программасын” бекитүү жана 7 гектар жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 14-беренелерин негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 24.01.2022-жылдагы чыг.№01-23/9 – катты курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусун, депутаттардын сунуштарын эске алып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкаруусунда жайгашкан 7,0 гектар жер тилкесин “Өнөр жай жерлери” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкаруусунун “Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча 2022-2026-жылдарга карата программасы” №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына өз ишмердүүлүгүндө жогоруда бекитилген программасын ишке ашыруу үчүн иш-аракет жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык мэриясына милдеттендирилсин жана аткарылышы тууралуу бир жылда бир жолудан кем эмес шаардык кеӊештин сессиясында отчет берүү жагы шаар мэрине (Э.Ормоков) жүктөлсүн.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | И. Умарахунов |
Депутаттардан Жалал-Абад шаардык кеңешенинин 26-январь 2022-жылдагы кезексиз
XIII сессиясынын 2-токтомуна 1-тиркеме
«Достук» аймактык башкаруу мекемесинин Кыргыз Республикасынын
Жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча
2022-2026 жылдарга карата
ПРОГРАММАСЫ
“Достук” аймактык башкаруусунун кыскача географиялык жана
социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү
1.1. Географиялык өзгөчөлүктөрү.
Достук атындагы аймактык башкаруусу Жалал-Абад шаарынан борборунун түндүк-батыш тарабынан орун алган. Чыгыш тарабынан Курманбек АБ, түштүк тарабынан Ч.Айтматов АБ, түндүк тарабынан Таш-Булак Айыл аймагы, батыш тарабынан Спутник АБ менен чектешип турат.
Рельефи: Шаардын аймагынын борборунда жана түндүгүндө жайгашкан. Топурак, кум жана майда шагыл, таштардан турат.
Климаты: Климаты борсалдуу ачык байкалган кышы жана жайы менен. Абанын бир айлык орточо температурасы июль айында өрөөндөрдө + 350С, январь айында -10-2 0С. Шамалдын бир айлык орточо ылдамдыгы 2-6 м/сек.айрым убакта күнү 26 м/секундага жетет. Атмосфералык жаан-чачындын орточо саны бир жылда 100 мм ден 400 мл.метрге чейин өзгөрүп турат.
Гидрографиясы: Достук аймагы түндүк тарабынан стратегиялык сел арык каналы жайгашкан.
Өсүмдүктөрү: Тик алкактагы рельефи өсүмдүк катмарынын ар түрдүүлүгү менен шартталган. Жалпы түрлөрүнүн курамы – ондогон түрлөрү, алар топторго кошулат (жээлчү жана жээлбечү).
1.2. Аймактык башкаруунун социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү
“Достук” аймактык башкаруусунун курамына төмөндөгү 9 квартал, 27 кондоминиумдар кирет: №5, №6, №7, №8, №20, №23, №24, №27, №28 . Аймактык башкаруунун административдик борбору – Шопоков көчөсү, 40 та жайгашкан.
Аймактык башкаруунун жалпы аянты – 660,0 км2, калктын туруктуу курамынын саны 28512 адам, алардын ичинен:
· Эркектер – 13 162 адам;
· Аялдар – 15 450 адам;
· 7 жашка чейинки балдар – 1 837 адам;
· 8 жаштан 16 жашка чейинки балдар – 906 адам;
· 17 жаштан 65 жашка чейинкилер – 4275 адам.
Калктын эмгекке жарамдуулары - 3690 адам, алардын катарында:
· Иштегендери - 2506 адам;
· Иштебегендери - 1184 адам.
-калктын социалдык аялуу топтору:
· пенсионерлер - 452 адам;
· майыптар - 395 адам;
· жалгыз бой кары жарандар - 67 адам;
· 7 жашка чейинки балдар - 1837 адам.
№ 1 таблица
№ | Калктуу конуш | Пенсио-нерлер | Майып- тар | 7 жашка чейинки балдар | Жалгыз бой кары жарандар | Эскертүү |
1. | Достук | 452 | 395 | 1837 | 67 |
|
| Достук АБ | 452 | 395 | 1837 | 67 |
|
Калктуу конуштар радиолоштурулган, электрлештирилген, узундугу 42,2 км түзгөн суу түтүктөрү жана 64 колонка бар. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу суу түтүктөрү, скважиналар аркылуу ишке ашырылат.
Аймактык башкаруунун кеңсеси өткөргүчсүз «КыргызТелеком», «Сапатком», «Билайн», «Мегаком», «О» телефон байланышы менен калктуу конуштар камсыз болгон.