МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 8-декабры № 3
Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 23-сессиясынын 11.03.2019-жылдагы №1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 25-октябрь 2018-жылдагы №174-б жана 11-март 2019-жылдагы № 56-б буйруктарынын негизинде момбеков айыл Өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б. Жакыбалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Момбеков айыдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын 8-сессиясы
токтом кылат:
1. Жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Маданият Жалал- Абад жолун реабилитациялоодо кызыл сызыкка туура келген жер үлүш ээлеринин макулдугунун негизинде Момбеков айыл Өкмөтүнүн айыл чарба жерлери категориясынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринен № 217-контурунан 0,5, № 221-контурунан 0,19, № 225-контурунан 1,97, № 51-контурунан 0,84, жалпы 3,50 га сугат айдоо жер аянттары Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которулсун. (трансформациялансын).
3. Жол тилкесине жайгашкан Чек айылынын тургундарынын үлүш жерлери Чек айылындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринен компенсацияланып, үлүш катары жер аянты ажыратылып берилсин.
4. Үлүш ээлерине айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринен жер аянтын тактап, ажыратып берүү жагы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы менен биргеликте жер боюнча башкы адиси Б.Жакыбалиевага милдеттендирилсин.
5. Жер аянттарын которууда (тарансформациялоодо) тиешелүү иш
кагаздарын даярдоо жагы райондук шаар куруу жана арлхитектура жана райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо башкармалыктарынан суралсын.
6. Дыйкандардын эгин талааларына суу баруучу латокту жылдырып, орнотуп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинен суралсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары Т Эгембердиевке жүктолсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
И. Абдыразак уулу |