Редакцияот 08.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 8-декабры № 7

№ 13 ГСВнын  имаратын ички абалын капиталдык ремонттон өткөрүү,жылуулук системасын орнотуу жана 2022 –жылга карата САSA-1000 ге долбоорлорду даярдоо үчүн план түзүү жөнүндө

 

               Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассосациясынын (КАИА) аткаруу комитетинин жетекчиси М. Мырзакматовдун маалыматын угуп, аткаруу комитетинин 2021-жылдагы 9-декабрындагы отурумдун протоколу менен таанышып чыгып бекитип берүү максатында  Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын  8-сессиясыны

токтом кылат:

1.    Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассосациясынын (КАИА)  аткаруу комитетинин 2021-жылдагы 9-декабрындагы отурумунун  протоколу эске алынсын.

2.    Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассосациясынын (КАИА) аткаруу  комитетинин 2021-жылдын 9- декабрындагы  отурумда каралган маселелер артыкчылыктуу деп табылсын жана протоколу бекитилсин.

3.    2022-2026-жылдарга түзүлгөн айыл өкмөтүнун социалдык-экономикалык инвестицияларды тартуу боюнча түзүлгөн иш-чаралар планына киргизилсин.

4.    Аталган долбоор менен биргеликте иш алып баруу, аткарылып жаткан иштер боюнча толук маалыматты айыл өкмөтүнүн аппаратына жана айыылдык кеңешке жеткирип туруу жагы жергиликтүү координатору                М Мырзакматовго милдеттендирилсин.

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасына миллеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

 

И. Абдыразак уулу