МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 8-декабры № 8
Момбеков айылдык кеңешинин эски жана жаңы төрагасына сый акы төлөө жөнүндө
Момбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын билдирүүсун угуп жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын 8-сессиясыны токтом кылат:
1. Момбеков айыл аймагынын эски төрагасы 2021-жылдын 19-февралына чейин 5 жолу ал эми жаңы шайланган төрага 2021-жылдын 8-декабрына чейин 8 жолу сессия өткөргөндүгүнө байланыштуу сессияны өткөрүү үчүн даярдык иштерине жана уюштуруп өткөргөндүгү үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен сый акы төлөнүп берилсин.
2. Сый акыны эсептеп чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ч.Төловага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
И. Абдыразак уулу |