Редакцияот 13.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кыштут айылдык кеңешинин VII – чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

 

2021-жылдын 13-декабры № 16

Кыштут айыл  өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыштут айылдык кеңешинин финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  А.Сейитмуратовтун  билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап  Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  кезексиз  VII сессиясы 

токтом кылат:

1.    Кыштут айыл өкмөтүнүн өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин VI кварталынын чыгаша бөлүгүнө каралган

       Аппараттык башкаруу бөлүмүнүн  «2221-мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар» статьясынан-258,0 миң сом, 

«2222-учурдагы чарбалык максаттар буюмдарды жана материалдарды алуу» статьясынан -834,9  миң сом,  

«2224-көмүрдү сатып алуу»  статьясынан -18,3 миң сом;  

       Балдар бакча бөлүмүнүн «2224-көмүрдү сатып алуу»  статьясынан -78,8 миң сом,   жалпысы 1190,0 миң сом акча каражаты кыскартылып,

     Аппараттык башкаруу бөлүмүнүн  «2211-кызматтык кыдыруулар» статьясына-80,0 миң сом ,

«2215-дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу»  статьясына-480,0 миң сом,  

        Клуб бөлүмүнүн  «2222-учурдагы чарбалык максаттар буюмдарды жана материалдарды алуу» статьясына-20,0 миң сом, 

        Орто мектептер бөлүмүнүн «2215-дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу»  статьясына-90,0 миң сом,  «2222-учурдагы чарбалык максаттар буюмдарды жана материалдарды алуу» статьясына-100,0  миң сом,  «3112-машиналар жана жабдуулар» статьясына-290,0 миң сом,

       Балдар бакча бөлүмүнүн «3112-машиналар жана жабдуулар» статьясына-130,0 миң сом,  жалпысы 1190,0 миң сом акча каражаты кошулуп жылдырылып берилсин.

2.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыштут айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, финансы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Мидинов