КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык кеңешинин VII – чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2021-жылдын 13-декабры № 17
Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн Кыштут айылынын Жоо-Пая участкасындагы курулуп жаткан чакан ГЭСтин жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысына А Калпаевдин берген арызынын негизинде 2021-жылдын 13-декабрындагы Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн Кыштут айылынын Жоо-Пая участкасына чакан ГЭС куруу үчүн №4683 контурунда жайгашкан 0.93га жер аянтын «жайыт жерлер» категориясынан «өнөр жайынын,транспорттун,байланыштын энергетиканын,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер»категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда белгиленген жер аянтыны мындан аркы трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдум аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыштут айылдык кеңешинин жер,агрардык маселелер боюнча туруктуу комитеттин төрагасы А Астанакуловго жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Мидинов |